• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сузакта мыйзамсыз иштеп жаткан медресе аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 11.03.23. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Сузак районунда “Хадича Бинт Хувайлид” атындагы медресе мыйзамсыз диний сабактарды окутуп жаткандыгы аныкталды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сузак районунда “Экстремист” аталышындагы ыкчам иликтөө жана алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү. Жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин натыйжасында Сузак районунун Атабеков айыл аймагынын 56 жаштагы К.С. жана 59 жаштагы Т.Д. аттуу тургундары “Хизб ут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун мүчөлүгүнөн баш тартышып, буга чейинки кадамдары туура эмес экендиктерин билдиришти.

Мындан сырткары, Сузак айыл өкмөтүнө караштуу Арал айылында жайгашкан “Хадича Бинт Хувайлид” атындагы медресеси эч кандай уруксат кагаздары жок аялдарга жана окуучу кыздарга мыйзамсыз диний сабактарды окутуп жаткандыгы аныкталган.

Окуяга байланыштуу Сузак районунун Сузак айыл аймагынын 40 жаштагы Б.Р. (аял киши) аттуу тургунуна Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 142-беренесинин (“Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө мыйзамдарды бузуу”) негизинде протокол түзүлүп, 5500 сом айып пул салынган.

“Ыкчам алдын алуу иш-чарасы учурунда диний экстремисттик уюмдардын мүчөсү катарында милициянын каттоосунда турган атуулдар менен профилактикалык иштер жүргүзүлүп, алардын ар биринен эмне жумуш менен алектенип жаткандыгы боюнча түшүнүк каттар алынды. Ошондой эле диний экстремизмдин алдын алуу максатында район аймагындагы каттодон өткөн медреселерде, диний окуу борборлорунда, мечиттерде жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү”, - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, “Экстремист” операциясы учурунда үч кылмыш ишинин бети ачылган.

Пикир

Оставить комментарий