• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сузакта үйлөрү селден жабыркаган 8 үй-бүлө турак жайлуу болду

Аймак 0

Бишкек, 15.10.22 /Кабар/. Сузак районунун Кара-Дарыя айылында үйлөрү селден жабыркаган 8 үй-бүлө турак жайлуу болду. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү билдирет.

Маалыматка ылайык, үйлөрдүн ачкычын тапшыруу аземине Жалал-Абад облусунун башчысы Абсаттар Сыргабаев, Жогорку Кеңештин депутаты Жеңиш Токторбаев, Сузак районунун акими Баратбек Сыдыкназаров жана жергиликтүү тургундар катышты.

Белгилей кетсек, 8 үй-бүлөнүн турак үйү өткөн жылы селден жабыркап, жашоого таптакыр жараксыз абалга кептелген.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, Кара-Дарыя айыл аймагынын Чаңгыр-Таш айылынын бир катар тургуну бир жылдан бери вагондо жашап келген. Үй салууга чамасы жетпеген тургундарга жер тилкеси ажыратылып, үч бөлмөлүү турак жайга мамлекет тарабынан 5 млн 600 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. Мындан сырткары, облустагы мекеме-ишканалардын кызматкерлеринин бир күндүк эмгек акылары которулган. Жалпысынан сегиз үйдү курууга 12 млн сом акча каражаты жумшалган.

Облус башчысы Абсаттар Сыргабаев табият кырсыгынан жабыркаган жарандарды жаңы турак жайлуу болушу менен куттуктады. Өкүл мамлекет тарабынан жардамга муктаж үй-бүлөлөр ар дайым унутта калбасын белгилеп, айыл тургундарына түзүлүп жаткан шарттар тууралуу маалымат берди.

Пикир

Оставить комментарий