• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ысык-Көлдө дайынсыз болуп жаткан Россиянын жарандары аман-эсен табылды

Аймак 0

Бишкек, 16.10.22. /Кабар/ . Ысык-Көлдө дайынсыз болуп жаткан Россиянын жарандары аман-эсен табылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, кечээ, 15-октябрда Чолпон-Ата шаарынын күн батыш тарабында жайгашкан Арал капчыгайына эс алууга чыккан Россиянын 2 жараны байланыш жок, дайынсыз жоголгондугу тууралуу маалымат түшкөн.

ӨКМдин 3 куткаруучусу жогоруда аталган адамдар менен байланышка чыгып, алар куткаруучулар менен биргеликте тоодон аман-эсен түшүп келишти.

Пикир

Оставить комментарий