• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сузакта турак үй өрттөнүп, аял 3 баласы менен каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 01.05.21. Кабар/. Сузакта турак үй өрттөнүп, аял 3 баласы менен каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Таш-Булак айылында аянты 160 чарчы метр болгон эки кабаттуу турак үй толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Өрттүн кесепетинен 4 адам - 1994-жылы туулган Р. кызы Н. аттуу аял, 2016-жылы туулган Б.Д., 2019-жылы туулган Б.А., 2021-жылы туулган А.С. аттуу балдар каза болгон.

Ошондой 1993-жылы туулган Б.А. аттуу эркек киши колунан күйүк алып, 2002-жылы туулган А. кызы А. 2-кабаттан секирип бутун кайрып алып, тез жардам кызматы тарабынан биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий