• 88.68
  • 95
  • 0.95

Чек арадагы чырдан жабыркагандардын саны 163кө жетти — Солтонбекова

Ден соолук 0

Бишкек, 01.05.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан жалпы 163 адам жабыркады. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.

Анын айтымында, алардын ичинен 33 жаран набыт болду.

“Бишкекке Баткенден 49 адам алынып келди. Алардын ичинен үчөөнүн абалы өтө оор. Калгандары Баткендеги ооруканаларда дарыланууда. Учурда саламаттык сактоо уюмдарында дары-дармектердин саны жетиштүү”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган. Ага кыргызстандыктар каршы чыгышкан, көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

Мындан сырткары, чек арадагы абалга байланыштуу облустук штаб түзүлгөн. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин

Чек ара кызматы 1-май саат 09:00гө карата кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу жана атышуулар катталбаганын билдирди. Кыргызстанда 1-2-май күндөрү улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Пикир

Оставить комментарий