• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкек шаарында дагы бир сквер курулууда

Коом 0

Бишкек, 23.08.23. /Кабар/. Бишкектин Свердлов районунун жашоочулары үчүн дагы бир сквер курулууда. бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чокан Валиханов көчөсүндөгү сквердин Чүй проспектисинен темир жолго чейинки аралыгын жакшыртуу долбоору башталды.

Бул долбоор Свердлов райондук администрациясынын жана "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын биргелешкен аракеттеринин аркасында ишке ашырылууда.

Иштерди жүргүзүү үчүн "Медиа Строй" ЖЧКсы менен келишим түзүлгөн. Сквердин курулушу графикке ылайык жана каралган бюджеттин чегинде башталды.

Эми түстүү өсүмдүктөр, гүлдөр жана бак-дарактар мол болуп, табигый атмосфераны түзүп, айланадагы абанын сапатын жакшыртат.

Сквер заманбап отургучтар, таштанды челектери, жөө жүргүнчүлөр жана велосипедчендер үчүн жолдор менен камсыздалат.

Пикир

Оставить комментарий