• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандан $23 млн чыгарып кеткен жаран Мадагаскардан кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.08.23. /Кабар/. Мадагаскарда мекенинде издөөдө жүргөн кыргызстандык кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Милициядан билдиришкендей, ИИМдин Интерпол улуттук бюросунун Башкы прокуратура менен биргелешкен ишинин натыйжасында Мадагаскар аралында 1983-жылы туулган С.А. аттуу жарандын өздүгү такталып, Кыргызстанга жеткирилди.

Ал республикада жайгашкан банктарынын биринин кызматкерлери аркылуу 4 адамдан турган кылмыштуу топ түзүшүп, өлкөдөн мыйзамсыз түрдө акча каражатын алып чыгып кетишкен. Ошентип, мамлекеттин мыйзамдуу корголгон кызыкчылыктарына 23 млн доллар өлчөмүндө зыян келтирген.

Пикир

Оставить комментарий