• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Интерпол Кыргызстан менен Түркияда издөөдө жүргөндөрдү кармады

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.08.23./Кабар/. Ички иштер министрлигинин Интерпол улуттук борбордук бюросу эл аралык издөөдө жүргөн бир катар жарандарды кармады. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 14-августта ИИМдин Интерпол улуттук бюросу Түркиянын укук коргоо органдары менен биргеликте атайын операция өткөрдү.

Натыйжада Бишкек шаарынын аймагынган 1979-жылы туулган О.Г. кармалган. Ал түрк полициясынын денесине оор залал, мамлекетке материалдык зыян келтиргендиги үчүн Түркиянын Интерполу тарабынан издөөдө жүргөн.

Ошондой эле 15-августта ИИМдин Интерпол УББнын кайрылуусунун негизинде Казахстандын чек арасын кесип өтүүгө аракет кылган учурда кыргызстандын жараны 1991-жылы туулган М.у.Д. кармалды. Ал курал-жарак жана физикалык күч колдонуу менен адамдардын тобу тарабынан каракчылык кол салуу жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн. Кылмышкерлер Ж.К. жана К.М. аттуу жарандарга таандык 395 миң сом акча каражатын ээлеп алышкан.

Мындан тышкары, ИИМдин Интерпол УББнын кайрылуусунун негизиндеАлматы шаарынын аэропортунан Кытай жараны 1978-жылы туулган С.Г. кармалды. Ал Кыргызстанда мыйзамсыз ишкердик менен алектенип жүргөн. Ошондой эле ал 2008-жылы республиканын финансы полициясы тарабынан издөөгө алынган. Ошол учурда мамлекетке келтирилген зыян 3 млн сомдон ашкан.

Ошондой эле Интерпол улуттук бюросу менен КР Башкы прокуратурасынын биргелешкен ишинин натыйжасында Мадагаскар аралында 1983-жылы туулган С.А. аттуу жарандын өздүгү такталып, Кыргызстанга жеткирилген. Ал республикада жайгашкан банктарынын биринин кызматкерлери аркылуу 4 адамдан турган кылмыштуу топ түзүшүп, өлкөдөн мыйзамсыз түрдө акча каражатын алып чыгып кетишкен. Мамлекеттин мыйзамдуу корголгон кызыкчылыктарына 23 млн доллар өлчөмүндө зыян келтирген.

Азыркы учурда Кыргызстандын компетенттүү органдары тарабынан кармалган жарандарды экстрадициялоо маселелери боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий