• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сыргабаев Сузак жана Базар-Коргон райондорундагы жолдордун курулушу менен таанышты

Коом 0

Бишкек, 22.07.22. /Кабар/. Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Сузак жана Базар-Коргон райондорундагы жолдордун курулушу менен жеринен таанышып чыкты. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Облус башчысы калкка ыңгайлуу шарт түзүү максатында белгиленген обьектилерде жүргүзүлүп жаткан иштерди өз мөөнөтүндө сапаттуу бүткөрүү зарылдыгын эскертти.

Сыргабаев Базар-Коргон районунун Бешик Жоон айылындагы бир чакырымдан ашуун, Сузак районунун Таш-Булак айылындагы жолду асфальттоого чейинки даярдыктары, Кашка-Терек-Катыраңкы жолунун үч чакырым аралыгына, Барпы-Ийри-Суу жолунун он чакырымына салынып жаткан асфальттоо иштеринин жүрүшүн көрүп чыкты.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылы республикалык бюджеттен Жалал-Абад облусунда 41 чакырымдан ашуун жолго асфальт төшөө каралган. Азыркы учурда анын 13 чакырымында жумуш бүткөрүлдү. Ошондой эле капиталдык салымдар эсебинен 50 чакырым жолдо иштер уланууда.

Пикир

Оставить комментарий