• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Төө-Ашуудагы тоннель кайрадан маал-маалы менен жабылып турат. Графиги

Коом 0

Бишкек, 14.07.22. /Кабар/. Төө-Ашуудагы К.Көлбаев атындагы тоннель үч күн маал-маалы менен жабылып турат, - деп билдирет Транспорт жана коммуникациялар министрлиги.

Маалыматка ылайык, электр кабелин алмаштырууга жана вентиляция системасын калыбына келтирүүгө байланыштуу тоннель 15-16-17-июль күндөрү убактылуу чектөөлөр киргизилет.

"Саат 04:00дөн 06:00гө чейин, саат 10:00дөн 12:00гө чейин жана 14:00дөн 16:0 гө чейин унаалардын өтүүсүнө чектөөлөр киргизилет", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 5-июлунда тоннелдин ичинде унаа өрттөнүп, электр жарыгы жана вентиляция системасы жабыркаган. Тоннелдин дагы 500 метрдей аралыгын калыбына келтирүү керек.

Пикир

Оставить комментарий