• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад шаарында медициналык мекемелер текшерилди

Аймак 0

Бишкек, 14.07.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Гулбарчын Таштанбекова тийиштүү мекемелердин кызматкерлери менен биргеликте калаадагы үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун ишмердүүлүгүнөн кабар алып, жеринен көйгөйлөрүн укту. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борборунан билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, тиешелүү адистер тарабынан өрт коопсуздугу, жылуулук системасы, санитардык абалы боюнча бир катар кемчиликтер аныкталып, аларды жоюу боюнча эскертүү берилди.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында 8 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жана 2 ФАП бар.

Пикир

Оставить комментарий