• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Түкүрүк аркылуу кандай оорулар жугат? Саламаттык сактоо министрлигинин жообу

Коом 0

Бишкек, 17.01.19. /Кабар/. Кыргызстанда түкүрүк үчүн киргизилген айыптардан улам, саламаттык сактоо министрлиги түкүрүү - бул бир гана этикага туура келбестен, ден соолука да чоң зыян алып келүү коркунучу бар, деп билдирет.

Ведомстводон билдиргендей, жайнаган түкүрүктөр бир гана шаардын тышкы келбетин булгап, көчөлөрдүн, коомдук жайларды жана балдар аянтчаларды колдонууга жараксыз кылгандан да, жугуштуу оорулардын булагы болуп саналат.

“Илимий жактан адамдын шилекейинде 500дөн ашык оору микробдорунун жана бактерияларынын штаммдары бар. Алар: герпес, дифтерия, кызылча, кызамык, кутуруу, кургак учук, гепатит, пневмония, сасык тумоо жана башка жугуштуу инфекциялар. Арабыздан ар бирибиз үйүбүзгө ошол ооруларды бут кийимибиз менен алып келишибиз мүмкүн. Ошол себептен адамдар эс ала турган жайларда, балдар ойногон жерлерде, баскан көчөлөрдө түкүрүү абдан жаман”, - деп маалымдашты ведомстводон.

Ар бир адам коомдук жайларда өзүн алып жүрүү эрежесин сактоосу керек:

• Жөн эле түкүрө берүүнү өзү маданиятсыздык,

• Коомдук жайларда мурдун катуу тартып, чимкирүүгө болбойт,

• Эгер чимкирүү же түкүрүү үчүн чыгып кетүү мүмкүнчүлүк жок болсо, артты карап акырын бет аарчыга түкүрүү же чимкирүү керек,

• Колдонулган бет аарчыны атайын урнага таштоо керек.

“Менин оюмча эгер кээ бирлер таза болуунун жана айлана тегеректеги адамдардын ден соолугунун маанилүүлүгүн түшүнбөсө ага тиешелүү санкциялар колдонулушу керек. Түкүрүү да ошого кирет”, - дейт оорулардын алдын алуу жана мамсанэпидемкөзөмөл Департаментинин директору Төлө Исаков.

Пикир

Оставить комментарий