• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

"Түндүк электр" февралда 1млрд 61 млн 300 миң сом чогулткан

Коом 0

Бишкек, 16.03.18 /Кабар/. "Түндүк электр" компаниясы үстүбүздөгү жылдын февралында 1млрд 61 млн 300 миң сом чогулткан. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, февралда “Түндүк электр” бөлүштүрүү тармактарына 722,6 млн. кВт.саат электр энергиясы келип түштү. Бул 2017- жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 51,6 млн. кВт.саатка көбүрөөк. “Түндүк электр” бөлүштүрүүчү компаниянын өткөн айга болгон товардык продукциясы 1,05 млрд. сомду түзүп, анын 1,06 млрд. сому (101,1 %) чогултулган.

Февраль айында көргөзүлгөн сумманын эсебинен төлөм чогултуу:

  • калк арасында – 106,3 %,
  • өндүрүштүк объектилерден- 94,9 %,
  • бюджеттик уюмдардан – 103,5 %,
  • айыл чарба объектилеринен – 83,6 %
  • башка керектөөчүлөрдөн –91,7 % аткарылды.

Бөлүштүрүү компания тейлеген аймактардан төлөм чогултуу борбор калаада - 90,4 %, Чүй облусунда – 112,5 %, Талас облусунда – 113,3 % түздү.

Пикир

Оставить комментарий