• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Түндүк" тиркемеси эми колдонуучуларга административдик айып тууралуу эскертип турат

Коом 0

Бишкек, 04.07.23. /Кабар/. "Түндүк" мобилдик тиркемеси эми колдонуучуларга бардык административдик айыптар тууралуу эскертип турат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында “Түндүк” мамлекеттик мекемесинин директору Чыңгыз Аманатов билдириди.

Анын айтымында, алардын ичинде төлөнбөгөн алимент, "Коопсуз шаар" боюнча жана башка айыптар бар.

“Аталган бөлүм 2023-жылдын май айында ишке киргизилген. Биз аны мүмкүн болушунча колдонуучуларга ыңгайлаштырууга аракеттендик. Жарандар аларга салынган айыптарды оңой эле текшере алат”, - деди Аманатов.

“Түндүк” мамлекеттик мекемесинин директору кошумчалагандай, мобилдик тиркемени колдонуучулардын саны күн сайын өсүүдө. Алты айдын ичинде колдонуучулардын саны 8 эсеге өсүп, 400 миң адамды түздү.

Пикир

Оставить комментарий