• 88.68
  • 95
  • 0.95

Шакиев менен Кытайдын элчиси парламенттер аралык байланышты кеңейтүүнү талкуулашты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 04.07.23./Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнди кабыл алды. Бул тууралуу ЖКнын Коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти.

Жолугушууда Кыргызстан менен Кытайдын саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларын арттыруу маселеси талкууланып, парламенттер аралык байланышты кеңейтүү тууралуу сөз болду.

Төрага Нурланбек Шакиев өткөн жылы эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнө 30 жыл толгонун белгилеп: “Бирок муну символикалык маареке катары гана караганыбыз оң. Себеби, кыргыз эли менен кытай эли эзелтен коңшу жашап, кылымдардарды карыткан тыгыз байланышка ээ. Бизде “Алыскы туугандан, жакынкы кошуна артык” – деген жакшы сөз бар. Анын сыңарындай, Кытай биз үчүн коңшу мамлекет эле эмес, өз ара ишенимге жана достукка таянган өнөктөш өлкө. Ортобузда эки тараптуу мамилелердин мындан ары өнүгүшүнө тоскоол болгон эч кандай саясий пикир келишпестиктер жана көйгөйлөр жок”, – деди.

Муну менен катар кыргыз-кытай мамилелери динамикалуу түрдө өнүгүп жатканын айткан төрага буга эки өлкө башчыларынын акыркы жолугушуусу далил экенин кошумчалады.

Ошондой эле парламенттер аралык алакаларды арттыруу маселесине токтолгон төрага жакында эле Жогорку Кеңештин делегациясы Кытай Эл Республикасына барып, алгылыктуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келгенин эске салды.

Баарлашуунун жүрүшүндө экономикалык байланыштар тууралуу да сөз болуп, төрага коронавирус илдетине байланыштуу солгундап кеткен соода жүгүртүү кайра жанданганын белгиледи.

“Тышкы экономикалык мамилелер чөйрөсүндө Кытай Кыргызстандын башкы соода-экономикалык өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат. Айрыкча, социалдык - экономикалык өнүгүүгө өбөлгө түзчү мүмкүнчүлүктөрдү камтыган “Бир алкак-бир жол” демилгесин биргелешип ишке ашырууга кызыкдарбыз”, – деди Жогорку Кеңештин Төрагасы.

Андан тышкары, мамлекеттер аралык байланышты чыңдоодо Ду Дэвэндин салымы чоң экенин белгилеп, дипломаттын ишмердүүлүгүнө жогору баасын берген Нурланбек Шакиев эң жигердүү иштеген элчи катары кыргыз элинин эсинде калаарын кошумчалады.

Өз кезегинде Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь дипломатиялык ишмердүүлүгүн алкагында жасалган иштерге кеңири токтолуп, Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда ишке ашырылып жаткан долбоорлор тууралуу маалымат берди.

Өзгөчө өнөктөштүктүн жаңы доорун түптөө багытындагы демилгелерди сөз кылып, алардын катарында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу бар экенин белгиледи.

Парламенттер аралык байланыш тууралуу да кеп салган элчи: “Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйыны менен Жогорку Кеңештин ортосунда кызматташтыкты арттыруу да башкы максатыбыз. Алсак, кытай парламентинде да, кыргыз парламентинде да кызматташуу боюнча депутаттык достук топтору түзүлгөн. Андыктан жолугушууларды байма-бай өткөрүп, эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүшүбүз кажет”, – деди.

Пикир

Оставить комментарий