• 88.68
  • 95
  • 0.95

Шакиев казак кесиптештерине токой өрттөрүнөн курман болгондорго байланыштуу көңүл айтты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 12.06.23. /Кабар/. Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев Казакстан парламентинин Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев менен Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошановго адамдардын өлүмүнө алып келген өрт кырсыгына байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

“Казакстандын чыгышында катталган өрттүн кесепетинен токой чарбасынын бир топ кызматкерлеринин каза болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдык. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жеке ѳзүмдүн атымдан маркумдардын жакындарына көңүл айтуу менен бирге жабыркагандардын тез арада сакайып кетишин каалайм.

Сиздердин ушул күндөрдөгү кайгыңыздарды тең бөлүшөбүз жана бир тууган казак элине сабырдуулук тилейбиз”, - деп айтылат төраганын телеграммасында.

Белгилей кетсек, Казакстандын чыгышындагы токойлордон өрт чыгып, анын кесепетинен 14 адам каза болду. Ага ылайык, Казакстандын Абай облусундагы токой өртү бейшемби күнү чагылгандан кийин башталган. Өрттөн "Семей Орманы" коругунун 14 жумушчусу каза болду.

Акыркы маалыматтар боюнча, өрттүн аянты 60 миң гектардан ашты. Өрттү өчүрүүгө 300 техника, 1500гө жакын адам жана 11 тик учак тартылган.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 12-июнду өлкөнүн чыгышындагы ири өрт кырсыгында каза болгондор үчүн улуттук аза күтүү күнү деп жарыялады.

Пикир

Оставить комментарий