• 88.68
  • 95
  • 0.95

Түптө 20,5 млн сомду түзгөн айдоо жер аянттары мамлекетке кайтарылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.03.22. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Түп райондук прокуратурасы тарабынан мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен жана мыйзамсыз ээлеп алып пайдаланып келишкен жер аянттарын – айыл чарба жерлерин мамлекетке кайтаруу иш-аракеттери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Текшерүүдө, райондук мамлекеттик администрациясынын токтому менен 4 дыйкан чарбасына жалпы 61,4 га айдоо жер аянттары мыйзамсыз берилип кеткендиги аныкталган.

Айдоо аянттарын мамлекетке кайтаруу үчүн райондук прокуратура сотко доо арыздар менен кайрылып, кароонун жыйынтыгы менен алар толук менен канааттандырылган. Натыйжада, баасы 20 млн 575 миӊ сомду түзгөн 61,4 га жер аянты мамлекетке кайтарылды.

Пикир

Оставить комментарий