• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Түптө 3 күндөн бери дайынсыз болгон 78 жаштагы жаран изделүүдө

Аймак 0

Бишкек, 20.11.23. /Кабар/. Түптө 3 күндөн бери дайынсыз болгон 78 жаштагы жаран изделүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Түп районуна караштуу Түп айылынын 78 жаштагы Ж.Ж. аттуу тургуну 17-ноябрда үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.

Кечээ, 19-ноябрда издөө иштерин жүргүзүүгө жерине ӨКМден 13 куткаруучу, ИИМден 10 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 16 адам тартылган. Куткаруучулар Түп суусунан жана жээктеринен издешти. Бирок, натыйжа болгон жок.

Ал эми бүгүн, 20-ноябрда кайрадан жергиликтүү тургундар, милиция кызматкерлери менен биргеликте 8 куткаруучу издөө иштерине чыгышты.

Пикир

Оставить комментарий