• 88.68
  • 95
  • 0.95

Калың кара түтүн: Оштогу сүт ишканасы тарабынан таштанды өрттөөнүн кесепети

Аймак 0

Бишкек, 09.01.18./Тумара Туратбекова – Кабар/. Оштогу “Ош-Сүт” ААК сүт ишканасы мыйзамсыз таштандыларды өрттөп, айлана-чөйрөгө зыян келтирди,-деп билдирет Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы.

Маалыматта айтылгандай, ишкана өз алдынча таштандыларды жана ар кандай калдыктарды өрттөгөн.

Мамэкотехинспециянын инспекторлору ишкананын жетекчилигине 20 миң сом айып салды.

Учурда айып пул толугу менен мамлекеттик бюджеттин эсебине которулган.

Андан сырткары, “Ош-Сүт” ААК сүт ишканасынын кызматкерлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий