• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Түптө "Мыкты жаңы жылдык мектеп" кароо-сынагы өттү

Аймак 0

Бишкек, 21.12.23. /Кабар/. Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунда мектептер арасында "Мыкты жаңы жылдык мектеп" кароо-сынагы өттү. Иш-чара Түп райондук ички иштер бөлүмүнүн балдар иштери боюнча инспекциясынын инспекторлору тарабынан уюштурулган.

Облустук милициядан билдиришкендей, салтанаттуу иш-чарага райондун жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары жана мугалимдер жамааты катышты.

Сынактын алкагында окуучулар класс жетекчилери менен бирге класстарды жасалгалоодо өздөрүнүн жогорку фантазияларын көрсөтүшкөн.

"Бардык мектептерде жаӊы жылдык сыйкырдуу майрамынын маанайы сезилип турду. Мектеп окуучулары сынактык комиссиясын чоң кубаныч менен тосуп алышып, аларга сынактык эмгектерин тартуулашты", - деп айтылат маалыматта.

Сынактын жыйынтыгы:

  • I орун — Сары-Булуң айылынын орто мектеби;
  • II орун — Ысык-Көл, Тогуз-Булак айылдарынын орто мектептери;
  • III орун — Ынтымак жана Михайловка айылдарынын орто мектептери.

Жеңүүчүлөргө жана байгелүү орундарга ээ болгондорго мелдештин демөөрчүлөрү тарабынан акчалай сыйлыктар жана даярдалган баалуу белектер тапшырылды.

Мындан тышкары, сынактын демөөрчүлөрү райондун ар бир мектебинин үч класстарына окуу кабинеттерин мыкты кооздогондугу үчүн кызыктыруучу сыйлыктарды да ыйгарып кетишти.

Сынактын максаты — мектеп окуучуларынын прикладдык чыгармачылыкты жана эстетикалык табитин өнүктүрүүгө, ошондой эле жашы жете элек өспүрүмдөрдө руханий байлыгын кабылдоо жөндөмүн өнүктүрүүгө жана өнүгүүгө умтулууга үндөөгө багытталды

Пикир

Оставить комментарий