• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Төрөбаев: Жер жана суу ресурстары базар мамилелеринин объектиси катары каралыш керек

Өкмөт 0

Бишкек, 13.08.22. /Кабар/. "Жер жана Суу rодекстеринин жаңы редакциясын иштеп чыгуу – бүгүнкү күндүн талабы. Аталган жаратылыш ресурстары базар мамилелердин объектиси катары карай турган учур келди», - деп билдирди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Жер жана Суу кодекстеринин долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун кеңешмесинде.

Кеңешмеге Айыл чарба министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн адистери катышты.

Жумушчу топтун отурумунда Бакыт Төрөбаев мыйзам долбоору боюнча алгылыктуу сунуштарды киргизүү жана белгиленген мөөнөттө кодекстерди иштеп чыгуунун зарылдыгын баса белгиледи.

«Жер жана Суу кодекстердин кабыл алынганына 20 жылдан ашык убакыт өттү, ошондуктан учурдун талабына жооп берген мыйзам кабыл алуу керек. Бул кодекстер жерди жана сууну жаратылыш ресурсу катары, ошол эле учурда базар мамилелердин объектиси катары караган ченемдерди камтышы зарыл»- деп белгиледи ал.

Мындан тышкары ал, кодекстерди иштеп чыгууга жылдын аягына чейин убакыт берилгенин айтып,отурумдун катышуучуларын буга олуттуу мамиле кылууга чакырды. Аны менен бирге мыйзам долбоорунда бири-бирине карама каршы келген ченемдери бар экенин белгиледи.

“Долбоордогу карама каршылыктарды талдап, колдонулуп жаткан мыйзамдардын ордуна бардык ченемдерди Кодекске киргизип, бир эле укуктук ченемдик акты менен иштөө боюнча сунушун карап чыгууну белгиледи.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 15-июлунда мамлекет башчысы тарабынан Айыл чарба министрлигине Жер жана Суу кодекстеринин жаңы редакциясын иштеп чыгууну тапшырган. Өлкө жетекчисинин тапшырмасын ишке ашыруунун алкагында аталган кодекстерди иштеп чыгуу боюнча түзүмдөр аралык жумушчу топ түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий