• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Төрага Аялдардын, балдардын укуктары жана гендердик теңчилик боюнча кеңештин алгачкы жыйынын өткөрдү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 05.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 5-апрелде ,Жогорку Кеңештин төрагасынын алдындагы Аялдардын, балдардын укуктары жана гендердик теңчилик боюнча кеңештин алгачкы жыйыны өттү. Бул тууралуу ЖКнын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирет.

Талант Мамытовдун төрагалыгы менен өткөн иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик мекемелердин, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдордун өкүлдөрү катышты.

Төрага Талант Мамытов аталган кеңеш аялдардын, балдардын укуктарын коргоого жана гендердик теңчиликти камсыздоого багытталган маселелерди талкуулоочу маанилүү аянтча экенин белгилеп: “Бул жаатта өлкөбүздө көптөгөн иштер жасалды. Алсак, Жогорку Кеңеште жана жергиликтүү кеңештерде аялдардын санын 30%га жеткирүү багытында тийиштүү мыйзамдык талаптар иштелип чыгып, жигердүү колдоого ээ болду. Мындан тышкары, аялдарга жана балдарга карата зомбулукту жоюу максатында тийиштүү мыйзамдык базаны чыңдоо аракеттери көрүлүүдө. Андыктан бул Кеңеш бардык маселелерди ар тараптуу талкуулап, сунуш-пикирлерди берүү менен жакшы мыйзам актыларын иштеп чыгууга көмөк көрсөтүүсү кажет”, – деди.

Ал эми Аялдардын, балдардын укуктары жана гендердик теңчилик боюнча кеңештин төрагасынын орун басары Шарапаткан Мажитова бардык мүчөлөрдү жана тийиштүү тараптарды жигердүү катышууга чакырып: “Өлкөдөгү социалдык көйгөйлөрдү чечүү үчүн аялдардын жана балдардын укуктарын коргоого өзгөчө көңүл бурулушу керек”, – деген пикирин айтты.

Ошондой эле эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев кеңештин алдында коюлган максаттарды кубаттай тургандыгын билдирип, гендердик теңчиликке жетишүү багытында ишке ашырылып жаткан программалар жана долбоорлор тууралуу сөз кылды.

Андан тышкары жыйында эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдордун да өкүлдөрү баяндама жасап, Кеңештин ишмердүүлүгүнө тиешелүү сунуш-пикирлерин айтышты.

Алсак, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Назира Артыкова эмгек мигранттарынын укуктарын коргоого өзгөчө көңүл буруу керектигин белгилесе, “БУУ-Аялдар” түзүмүнүн өкүлү Улзийсурен Жамсран жергиликтүү башкаруу жана ички иштер органдарындагы кызмат орундарына аялдарды тартуу маселесине токтолду.

Муну менен катар парламенттик көзөмөлдү күчөтүү, ишкер аялдарды жана лидер айымдарды колдоо жаатында сунуштар айтылып, гендердик теңчиликке жана аялдар менен балдар арасындагы зомбулукка тийиштүү көйгөйлөр көтөрүлдү.

Төрага Талант Мамытов айтылган бардык маселе Кеңеште кеңири талкууланарын белгилеп, демилгелер өтө маанилүү экенин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий