• 88.68
  • 95
  • 0.95

Төрага Нурланбек Шакиев Ташкенттеги "Эгемендүүлүк" монументине гүлчамбар койду

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 26.09.23. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Өзбекстанга расмий иш сапары Ташкент шаарындагы "Эгемендүүлүк" монументине гүлчамбар коюу менен башталды. Бул тууралуу ЖКнын Коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмүнөн кабарлашты.

Алсак, тынчтыкты, бакубатчылыкты жана эркиндикти даңазалаган “Эгемендүүлүк” монументи “Жаңы Өзбекстан” паркында жайгашкан.

Эскерте кетсек, бүгүн төрага Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Өзбекстанга расмий иш сапарынын алкагында жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушууларды өткөрөрү күтүлүүдө.

Ал эми делегациянын курамында депутаттар Улан Примов, Азизбек Турсунбаев, Айсаракан Абдибаева, Гүлкан Молдобекова, Эльвира Сурабалдиева, Медербек Алиев бар.

Пикир

Оставить комментарий