• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан Париж макулдашуусуна кошулат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 10.10.19. /Кабар/. Бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеӊештин жыйынында «2015-жылдын 12-декабрында Париж шаарында кол коюлган Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясы боюнча Париж макулдашуусун Кыргыз Республикасы тарабынан ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору 2-окууда каралып, добуш берүүгө жиберилди.

2-окуудагы мыйзам долбоорун Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин төрагасы Исхак Пирматов жалпы жыйынга алып чыкты.

Маалыматка ылайык, 2015-жылдын 12-декабрында Парижде Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Климаттык өзгөрүү жөнүндө алкактык конвенциясына кошулган 196 өлкө Париж Макулдашуусун бир добуштан кабыл алышкан. Бул Париж макулдашуусу климаттын өзгөрүүсү жөнүндө БУУнун алкактык конвенциясынын жаӊы макулдашуусу болуп саналат. Аталган макулдашуу Киото протоколун алмаштыруу менен Конвенция боюнча жалпы аткаруучу иштерди күчөтүүгө багытталган. Париж макулдашуусунун максаты климаттын өзгөрүүсүнүн жагымсыз таасирлерине ыӊгайлашуу жөндөмүн жогорулатуу, финансы агымдарын туруктуу өнүгүү менен катар климаттын өзгөрүүсүнө ыӊгайлашууга багыттоо болуп эсептелинет. Макулдашууга ылайык, өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө аталган Макулдашуунун максаттарын ишке ашыруу үчүн кеӊейтилген эл аралык колдоо көрсөтүлөт.

Токой чарба агенттигинин маалыматына караганда, бул келишимдин алкагында акчалай жана техникалык жардам бериле турганын белгиледи. Келишим алкагында 9 млн 600 доллар өлчөмүндө каражат бөлүнгөн, анын ичинде, 8 млн доллар Баткен жана Нарын облустарын сугат суу жана алтернативдүү энергия булагы менен камсыз кылуу багытында жумшалат. Ал эми калган каражатка абанын сапатына мониторинг жүргүзүү үчүн автоматташтырылган жабдуу салып алынмакчы.

Пикир

Оставить комментарий