• 88.68
  • 95
  • 0.95

Төрага Нурланбек Шакиев жумушчу сапары менен Аксы районунда жүрөт

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 26.07.23. /Кабар/. Бүгүн, 26-июлда Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев жумушчу сапары менен Аксы районунда жүрөт. Бул тууралуу парламенттин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү билдиршти.

Маалыматка ылайык, төрага алгач Ак-Жол айылында курулган спорт залдын ачылышына катышты.

Алсак, Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңешке талапкерлигин койгон учурда жергиликтүү эл тарабынан №20 Отунчу Ташкулов атындагы мектепке спорт зал салдырып берүү өтүнүчү айтылган. Ага ылайык, бардык керектүү шарттары менен камсыздалган спорт зал курулуп, бүгүн ишке берилди.

Ачылышта сөз сүйлөгөн Жогорку Кеңештин Төрагасы акыркы жылдары курулуш тармагына өзгөчө көңүл бурулуп, социалдык мекемелер арбын салынып жатканын белгиледи.

"Быйыл дагы жүздөгөн мектептер, бала бакчалар курулуп, жаңы жолдор ишке берилгени турат. Бул мамлекеттин каражатын туура пайдаланып, коррупцияга каршы жүргүзүлгөн аёсуз күрөштүн натыйжасы десек туура болот. Анткени, колубуздагы мүмкүнчүлүктөрдү жакшы колдонуп, жемкорлукту тыюу менен эки жылда бюджетти эки эсеге көтөрүүгө жетиштик", - деди Төрага Нурланбек Шакиев.

Ошондой эле калктын аярлуу катмарына, пенсионерлерге өзгөчө көңүл бурулуп, бюджеттик мекемелерде иштеген адистердин да айлык маянасы көбөйтүлүп жатканын айткан Төрага мындан ары да керектүү колдоолор улантыларын кошумчалады.

"Куру сөздү азайтып, ишке өтүүгө мезгил келди. Мамлекетибиздин келечеги үчүн биримдикте иш алып баруубуз кажет. Өлкөдөгү жаңылануулар жумушсуздукту эмес, жумушчу күчүнө болгон муктаждыкты көбөйтүүдө. Айрыкча курулуш тармагында адистердин жетишсиздиги арбын болууда. Андыктан, чет жерде иштеген мекендештерибиздин өз жеринде татыктуу маяна алып, эмгектенүүсүнө өбөлгө түзүлүүдө",- деди Шакиев.

Муну менен катар курулган спорт зал айылдын элине, айрыкча жаштарга кызмат кылсын деген тилегин айткан Төрага: "Элибизде таланттуу, спортко шыктуу улан-кыздар арбын. Андыктан, ушул кутуу жайдан Кыргызстандын намысын эл аралык мелдештерде коргогон азаматтарыбыз арбын чыгат деген ишеничтемин", - деди. Алсак, аталган спорт залдын курулушу 2019-жылы башталып, пайдубалы куюлуп, токтоп калган. Кийин 2022-жылы республикалык бюджеттен акча каражаты чечилип, курулуш улантылган.

Эскерте кетсек, төраганы депутат Улан Примов, билим берүү жана илим министринин орун басары Аида Рысбаева, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Мырзабек Жыпаркулов, президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев баштаган тиешелүү жетекчилер коштоп жүрөт.

Пикир

Оставить комментарий