• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Төрага Жапониянын Өкүлчүлүк палатасынын Достук лигасынын депутаттары менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 04.09.18. /Кабар/. Бүгүн, 4-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Ген Накатани баштаган Жапония парламентинин Өкүлчүлүк палатасынын делегациясын кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек жолугушууга, Жапониянын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ёсихиро Ямамуро, Өкүлчүлүк палатасынын депутаты Асахиро Михара жана Кыргыз Республикасынын Кочи префектурасындагы Ардактуу консулу Тосихиро Накасима катышты.

Алгач Төрага Дастанбек Жумабеков кыргыз тарап Жапония менен болгон кызматташтыкка өзгөчө маани берерин белгилеп: “Биздин өлкөлөр ортосунда ынак достук жана дипломатиялык мамиле калыптанган. Айрыкча, Накатани мырза баштаган Жапония парламентинин Өкүлчүлүк палатасынын Достук лигасынын бул сапары да кыргыз-жапон байланышын бекемдөөдө негизги кадамдардын бири болот”, – деп кошумчалады.

Ошондой эле, Жапония өзүнүн экономикалык жана технологиялык мүмкүнчүлүктөрү менен дүйнөдө алдыңкы орунда турарын айткан Дастанбек Жумабеков Кыргызстан соода-экономикалык багыттардагы байланыштарды өнүктүрүп, жаңы деңгээлге көтөрүүгө кызыкдар экендигин билдирди. Бул үчүн Төрага жапон кесиптештеринен инвестиция агымын арттырууга көмөктөшүүнү өтүнүп, Кыргызстанда чет өлкөлүк инвесторлор үчүн бардык шарттар түзүлүп жатканына токтолду.

Белгилей кетсек бүгүн Бишкек шаарында “Парламенттик демократия шартында мамлекеттин өнүгүшү: Чет элден, анын ичинде Жапониядан инвестиция тартуу жана коргоо боюнча иштелип чыккан Кыргыз Республикасынын экономикалык мыйзамдарын ишке ашыруудагы кызматташтык” – деген темада парламенттер аралык биринчи форум болуп өттү.

Төрага менен болгон жолугушууда Жапония парламентинин Өкүлчүлүк палатасынын Достук лигасынын төрагасы, депутат Ген Накатани дүйнө эли Кыргызстанды демократиялык өлкө катары таанырын айтып, парламенттер аралык бүгүнкү форум да ийгиликтүү өткөнүн белгилөө менен бардык биргелешкен иш-чаралар эки өлкө ортосундагы парламенттер аралык алаканын чыңдалышына салым кошорун кошумчалады.

Форумга катышкан Жапония парламентинин Өкүлчүлүк палатасынын депутаты Асахиро Михара Кыргызстандын инвестициялык потенциалы жакшы экенин белгиледи.

“Сиздердин өлкөнүн инвестициялык потенциалы жакшы экенин байкадым. Технология жана акча каражатын тартуу зарыл. Бүгүнкү жыйында Кыргызстандын парламент мүчөлөрү менен келечектеги кызматташуу тууралуу айрым маселелерди талкууладык. Жапония тарап Кыргызстанга колдоо көрсөтөт. Албетте, пландар ишке ашат деген үмүттөмүн”, – деди Асахиро Михара.

Жолугушуунун соңунда Төрага Дастанбек Жумабеков кыргыз-жапон алакасын арттырууга багытталган ишмердүүлүгү үчүн жапон делегациясынын өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий