• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан менен Италиянын парламенттер аралык кызматташтыгын кеңейтүү маселеси талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 01.02.24. /Кабар/. Кыргызстандын Италиядагы элчиси Таалай Базарбаев Италия Сенатынын депутаты, Өнөр жай, соода, туризм, айыл чарба жана айыл чарба азык-түлүк өндүрүшү боюнча комитетинин төрагасы Франческо Сильвестро менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-италиялык эки тараптуу мамилелердин активдешүүсүн канааттануу менен белгилешти. Эки тараптуу саясий жана парламенттер аралык кызматташуу жаатында 2024-жылы боло турган иш-чаралар талкууланды.

Тактап айтканда, парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнүн олуттуу ролун эске алуу менен парламенттин депутаттарынын жолугушууларын жана биргелешкен иш-чараларын өткөрүүнүн, ошондой эле эки өлкөнүн парламенттеринде достук топторун түзүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.

Франческо Сильвестро парламенттер аралык деңгээлде ишенимдүү мамилелерди курууга жеке көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди жана ошондой эле Италиянын парламентинде Кыргызстан менен өзүнчө достук тобун түзүүнү демилгелеп жатканын, бул эки өлкөнүн парламентарийлеринин ортосундагы бекем кызматташтыкты орнотуунун маанилүү элементи болорун белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий