• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Төрага Жумабеков Казакстандын элчиси Карим Кокрекбаевди кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 05.03.19 /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Карим Кокрекбаевди кабыл алды.

Жумабеков Кыргызстан Казакстан менен болгон мамилеге өзгөчө маани берерин билдирип, өз ара ишенимге негизделген бардык багыттагы боюнча байланыштарды арттыруу зарылчылыгын кошумчалады.

Ошондой эле төрага пайдалуу өнөктөштүктү камтыган эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык байланыштар бардык деңгээлде колдоого алынып жатканын белгиледи.

Андан тышкары эки элдин мамилесин бекемдөөдө парламенттер аралык кызматташтык да өзгөчө орунду ээлерин айткан Дастанбек Жумабеков, эл өкүлдөрү дайыма коңшулук тыгыз алаканы арттырууга кызыкдар экендигине токтолду. Муну менен катар Жогорку Кеңеш боордош эки элдин жаркын келечеги үчүн парламенттер аралык байланыштарды кеңейтүүгө басым жасарын билдирди.

Буга кошумча төрага кызматташтыкты жигердүү улантуу алкагында Мажилистин спикери Нурлан Нигматулиндин Кыргызстандагы расмий иш сапарын быйыл уюштуруу менен II парламенттер аралык Кеңештин отурумун өткөрүү зарылчылыгын белгиледи.

Ал эми Жумабеков ушул жылдын 23-24-сентябрында Астана шаарында өтө турган Евразия өлкөлөрүнүн парламент төрагаларынын 4-отурумуна карата чакырууну кабыл алганын кошумчалады.

Соода-экономикалык байланыштардын келечеги жана артыкчылыгы тууралуу да кеп салган төрага, президент Сооронбай Жээнбековдун 2017-жылдын соңунда Казакстанга жасаган расмий иш сапарынын алкагында эки өлкө башчылары тарабынан да бул жааттагы кызматташтыкка өзгөчө маани берилгенин белгиледи.

Ошондогу жолугушууда өлкө жетекчилери эки мамлекеттин ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмүн 1 млрд АКШ долларына чыгаруу тапшырмасын коюшканына токтолду.

Өз кезегинде элчи Карим Кокрекбаев жылуу кабыл алгандыгы үчүн Жумабековго ыраазычылык билдирип, өзүнүн дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн алкагында парламенттер аралык байланыштарды чыңдоо, соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерине басым жасарын маалымдады.

Аны менен катар Карим Кокрекбаев Казакстан элчиги инвестициялоо чөйрөсүндөгү мүмкүнчүлүктөр менен таанышуу максатында Кыргызстандын бардык облустарындагы ишкерлер үчүн бизнес-форум өткөрүүнү мерчемдеп жатканын айтты.

Пикир

Оставить комментарий