• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Төраганын алдындагы Бизнести жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйыны өттү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек. 02.04.19 /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасынын алдындагы Бизнести жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча кеңештин кезектеги жыйынын өттү. Анда Эркин экономикалык аймактардагы ишкердик ишмердүүлүгүнүн келечеги жана көйгөйлөрү талкууланып, бажы алымдарын төлөөнү камсыз кылуу үчүн кепилдик системасын киргизүүнү ишке ашыруу маселелери да көтөрүлдү.

Ошондой эле ишкердик ишмердүүлүктү жөнгө салуучу мыйзамдарга баа берүү боюнча ченемдерди ишке ашыруу маанилүүлүгүн каралды.

Жыйынга Жогорку Кеңештин депутаттары, тиешелүү министрликтер менен мекемелердин жетекчилери жана бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү катышты.

Алгач Эркин экономикалык аймактардагы ишкердик ишмердүүлүгүнүн келечеги жана көйгөйлөрү тууралуу кеп салган Кеңештин мүчөлөрү инвестицияны көбөйтүү менен атаандаштыкка туруктуу инновациялык технологияларды жайылтуу үчүн “Эркин экономикалык аймактар” тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылчылыгына токтолушту.

Мындан тышкары, мыйзамдарды кайрадан карап чыгуу менен Эркин экономикалык аймактардын ишмердүүлүгүн изилдөө багытында атайын эксперттик топ түзүүнү сунуштаган жыйын катышуучулары эл аралык тажрыйбаларды да эске алуу керектигин белгилешти.

Ал эми бажы алымдарын төлөөнү камсыз кылуу үчүн кепилдик системасын киргизүүнү ишке ашыруу маселеси да курч экени айтылып, коңшу мамлекеттерден жана Европа өлкөлөрүнөн жүк ташып келүүдө көйгөйлөр көп экени кошумчаланды.

Жүк ташуучулар ассоциациясынын төрагасы Темирбек Шабданалиев бажы алымдарын төлөөнү камсыз кылуу үчүн кепилдик системасын киргизүү зарыл экенин белгиледи.

Эске салсак, төраганын алдындагы Бизнести жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча кеңештин башкы максаты - өлкөнүн ишкердик мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо, инвесторлорду тартуу жана Кыргызстандагы ишкерчиликти өнүктүрүү.

Тагыраак айтканда, аталган Кеӊеш ишкерчиликти жөнгө салган мыйзамдарга сунуштама берүүчү, бизнес чөйрөсүнө байланышкан ченемдик-укуктук актыларга мониторинг кылуу менен талдоо жүргүзүүчү аянтча болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий