• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Түрк элдеринин бүткүл дүйнөлүк курултайы “Рух-Ордодогу” бомбадан улам болбой калды

Кырсык 0

Чолпон-Ата, 2-июль /Мехриниса Сулайманова - Кабар/. Бүгүн Чолпон-Ата шаарындагы “Рух-Ордо” мемориалдык комплексинде Түрк элдеринин бүткүл дүйнөлүк курултайы өтмөк. Бирок, “Рух-Ордого” коюлган бомба тууралуу телефон чалууга байланыштуу болбой калды.

“Кабар” агенттигине Ысык-Көл облустук ИИБ билдиргендей, бомба тууралуу жергиликтүү убакыт боюнча 06:00дө чалуу түшкөн. “Жерине аймакты курчоого алган кызматкерлер келишти. Саперлор иштешти. Маалымат жалган болуп чыкты”, - дешти ИИБден.

Иш-чаранын уюштуруучуларынын айтымында, бул окуяга байланыштуу конференция Алматага которулду. “Делегациялар бүгүн Казакстанга жөнөшөт”, -деп белгилешти уюштуруучулар.

Куурултайга 20дан ашык өлкөдөн жана элдерден 130дай адам келишти.

Маданий бөлүк боюнча координатор Уланбек Абдрахманов билдиргендей, курултайга башкыр, татар, хакас жана башка элдер катышат.

“Эми Казакстанга ар бир делегациядан бирден өкүл барат”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий