• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Түркия кыргызстандыктар үчүн эмгек визанын баасын $283 – $30 чейин төмөндөтөт

Коом 0

Бишкек, 14.05.19 /Кабар/. Кыргызстан менен Түркия эки өлкөнүн жарандары үчүн эмгек визасын берүү жараянын жеңилдетип, баасын төмөндөтүү тууралуу келишимге жетишишти. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Бул маселе тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбековдун 6-8 майда Түркияга болгон расмий сапарынын алкагында кененирээк сөз болгон.

Маалыматка ылайык, Түркия кыргыз жарандары үчүн эмгек визанын баасын 283 доллардан 30 долларга чейин төмөндөтөт.

Ал эми Кыргызстан Түркиянын жарандары үчүн эмгек визанын баасын 280 доллардан 30 долларга чейин төмөндөтөт.

Келишим 2019-жылдын 15-майынан тарта күчүнө кирет, - деп билдирди КР ТИМдин маалымат кызматы.

Келишимдин негизги максаты – Түркиянын аймагында барып иштөөгө жакшы шарттарды түзүү.

Эске салсак, азыркы учурда 710 миңге жакын кыргыз жараны чет өлкөгө жумуш издеп кеткен. Алардын 30 миңге жакыны Түркиянын аймагында эмгектенет.

Пикир

Оставить комментарий