• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Түркия Кыргызстанга өнөр жай зонасын түзүүгө кызыкдарлыгын көрсөттү

Экономика 0

Бишкек, 06.07.21. /Кабар/. Кечээ, 5-июлда инвестиция министри Алмамбет Шыкмаматов Хатай шаарынын мэри Лютфу Саваш башында турган бизнес-делегация менен жолукту.

Ведомстводон билдиргендей, жолугушуунун максаты Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү менен таанышуу жана энергетика, айыл чарба жана өндүрүш, тактап айтканда текстиль жаатында биргелешкен ишканаларды ачуунун мүмкүнчүлүктөрүн кароо болгон.

Ошондой эле түрк тарап 180 млн ашык керектөөчүсү бар ЕАЭБ базарларына чыгууга жана Кыргызстандын аймагына өнөр жай зонасын түзүүгө кызыкдарлыгын көрсөттү.

Жолугушуу ачык жана конструктивдик диолог форматында өтүп, анын жыйынтыгы боюнча эки тараптуу кызматташтык жана инвестиция министри Шыкмаматов айтып берген инвестициялык долбоорлорду жүзөгө ашыруу жөнүндө макулдашуу жетишилди.

Муну менен катар Хатай шаарынын мэри Л.Саваш аталган жолугушуу бирдиктүү эки тараптуу кызматташуунун башталышы катары кызмат кыларына ишеним артып, инвестиция министри Шыкмаматовду үстүбүздөгү жылы Хатай шаарында өтө турган EXPO 2021ге катышууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий