• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жумгал районунун жашоочуларына акысыз укуктук кеп-кеңештер берилди

Аймак 0

Бишкек, 06.07.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 5-июлунда “Тилектештик автобусу” долбооруна тартылган адвокаттар жана мамлекеттик органдардын кызматкерлери тарабынан Нарын облусунун Жумгал районундагы Тугол-Сай, Байзак, Чаек, Кызыл Жылдыз айылдарынын жашоочуларына 149 акысыз укуктук кеп-кеңештер берилди.

Юстиция министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, калк менен жолугушуу орто мектептердин базасында өттү.

Жергиликтүү тургундар негизинен пенсияларды жана жөлөк пулдарды чегерүү маселелери боюнча, жер участокторун берүү жана аларга документтерди тариздөө, паспорт алуу жана башка маселелер менен кайрылышкан.

"7-июлда “Тилектештик автобусу” Нарын облусунун Жумгал районундагы Миң Куш жана Көк-Ой айылдарына барат. Калк менен жолугушуу Көк-Ой айылынын Турусбек уулу Султан атындагы орто мектебинде, жана Э. Акматалиев атындагы маданият үйүндо өтөт", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий