• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Түркияда автобус жол кырсыгына кабылып, кеминде 27 адам жабыркады

Дүйнө 0

Бишкек, 29.10.19. /Кабар/. Түркияда автобус жол кырсыгына кабылып, кеминде 27 адам жабыркады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Cumhuriyet басылмасынын маалыматына караганда, Түркиянын борбордук бөлүгүндө автобустун катышуусунда катталган кырсыктан жабыркагандардын көбү студенттер болгон.

"Йозгат шаарындагы университеттин студенттери Акдагмаден районунан Йозгатка бара жатышкан. Кырсык Түркиянын борбордук бөлүгүндөгү Сарайкент районунда болгон. Айдоочу рулду башкара албай калган", - деп АПАга шилтеме берүү менен Day.Az маалымдайт.

Жабыркагандардын көпчүлүгү Акдагмаден, Соргун жана Сарайкент райондорундагы ооруканаларга жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий