• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Түркмөнстандын туристтик компаниялары кыргыз тарап менен кызматташууга кызыкдар

Коом 0

Бишкек, 27.04.23. /Кабар/. Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчилигинде Түркмөнстандын туризм индустриясынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуу Кыргызстандын туристтик потенциалын илгерилетүү жана Кыргызстан жөнүндө маалыматты Түркмөнстанда жайылтууга багытталган.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын маданий-тарыхый эстеликтери, кооз жерлери, популярдуу туристтик маршруттары жана өлкөнүн ар бир аймагынын туристтик потенциалы тууралуу презентация жасалды.

Өзгөчө мультиактивдүү жана кышкы турлар, альпинизм жана ишкер туризм белгиленди. Ошондой эле Кыргызстандын туристтик потенциалы тууралуу видеоматериалдар, имидждик видеотасмалар көрсөтүлүп, брошюралар жана буклеттер түрүндөгү басылма материалдар тартууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында Түркмөнстандын туристтик компанияларынын өкүлдөрү кыргыз тарап менен кызматташууга кызыкдар экендигин билдирип, элчилик менен үзгүлтүксүз байланышта болуу ниеттерин ырасташты.

Иш-чарага "Soltan Dag", "Suwara", "Jahankeshde", "Оguzabat", "Saadaа", "Halkara dostluk", "Yola Rowana", "Ashgabat Syyahat", "Asman Daglary", "Dan Semaly", "Archman Daglary", "Halkara Syyahat" жана "Ozuz Travel" сыяктуу чарбалык ишканалардын жана жеке ишканалардын жетекчилери жана менеджерлери катышты.

Пикир

Оставить комментарий