• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто УАЗ сууга түшүп, жүргүнчүсү унаадан чыга албай калган – ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 27.04.23. /Кабар/. Ош облусундагы Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 77-чакырымында УАЗ үлгүсүндөгү унаа сууга түшүп кеткен.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, кырсык болгондо С. уулу Ж. аттуу жүргүнчү унаадан чыга албай калган. Ал эми айдоочу өз алдынча чыгып кетүүгө үлгүргөн.

Жүргүнчүнү издөө үчүн жерине 13 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 50 адам, алты милиция кызматкери тартылган.

Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий