• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Төрт жылдан бери эл аралык издөөдө жүргөн РФ жараны Нарында кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 07.12.20. /Кабар/. Төрт жылдан бери эл аралык издөөдө жүргөн Россиялык жаран Нарында кармалды. Бул тууралуу КР Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 4-декабрь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Интерпол улуттук борбордук бюросунун жана Нарын ОИИБдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери эл аралык издөөдө жүргөн Россия Федерациясынын жаранын кармашты.

Россиянын 41 жаштагы М.В. аттуу жаранына карата 2016-жылдан бери Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 228.1-беренесинин 2-бөлүмүндө ("Баңгизаттарды сатуу жана сактоо") көрсөтүлгөн кылмыштарды жасагандыгы үчүн укук коргоо органдары издөө жарыялаган.

Азыркы учурда кармалган жаран Нарын шаарынын тергөө абагына киргизилди.

Эл аралык издөөдө жүргөн шектүүнү өз өлкөсүнө экстрадициялоо боюнча маселелер чечилип жатат.

Пикир

Оставить комментарий