• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Түштүк Кореяда коронавирусту жуктургандардын саны 8 миңден ашты

Дүйнө 0

Бишкек, 16.03.20. /Кабар/. Түштүк Кореяда сутка ичинде коронавирусту жуктурган дагы 74 учур катталды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Ооруну көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлору уюмунан (KCDC) билдиргенин РИА Новости жазат.

Илдетти жалпы жонунан 8 миң 236 адам жуктуруп, ооруканадан 1 миң 137 жаран чыгарылган.

Буга чейин Түштүк Корея эпидемиологиялык абалды жогорку деңгээлге көтөргөн.

KCDC уюмунун маалыматында, дүйшөмбүгө караган түнү илдетти жуктурган 35 учур Тэгу шаарында катталган. Сеулда 6, Кёнгидо провинциясында 20 жана калгандары өлкөнүн башка аймактарында аныкталган. Ал эми дарттан 75 адам каза болгон.

Сеулда өпкөнү сезгенткен ооруну 253, Тэгуда 6 миң 66, Кёнсан-Пукто провинциясында 1 миң 164, Кёнгидо провинциясында 231 жана Пусанда 107 адам жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий