• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Таалатбек Масадыков Евробиримдиктин Афганистан боюнча атайын өкүлү менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 05.12.22. /Кабар/. Президенттин атайын өкүлү Таалатбек Масадыков Европа Биримдигинин Афганистан боюнча атайын өкүлү Томас Никлассон жана Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн элчиси Мэрилин Йосефсон менен жолукту. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.

Европа делегациясы менен болгон жолугушууга Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Афганистан боюнча атайын өкүлү, өзгөчө тапшырмалар боюнча элчи Авазбек Абдуразаков дагы катышты.

Тараптар Афганистанда болуп жаткан кырдаалды жана афган элине гуманитардык жардам көрсөтүүнү улантуу максатында өз ара кызматташууну талкуулашты. Ошондой эле, аймактык чакырыктар боюнча пикир алышуу менен бирге аймактагы туруктуулукту жана коопсуздукту сактоо үчүн биргелешкен күч-аракеттерди жасоонун маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Таалатбек Масадыков, жолугушуунун жыйынтыгын чыгарып жатып, Батыштын жана Афганистандын ичинде жана бүтүндөй аймакта күндөн-күнгө татаалдашып бараткан кырдаалды жөнгө салуу жолдорун тез арада издөөнүн зарылдыгын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий