• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Талас облусунда өрттүн саны 40,6 пайызга азайган

Аймак 0

Бишкек, 10.06.20. /Кабар/. 2020-жылдын 5 ай ичинде Талас облусунда 38 өрт кырсыгы катталып (2019-жылы 64), өткөн жылга салыштырмалуу өрттүн саны – 40,6%га азайган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өрттүн кесепетинен каза болгондор жана жабыркагандар жок, ал эми 2019-жылы 3 адам жабыр тарткан. Өрттөн 1 адам куткарылган. 25 өрт турак жай секторунда катталып, өрттүн жалпы санынан 66 % түзгөн.

Өрттөрдүн негизги себептери:

  • электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан – 23,7%;
  • мештерди жана морлорду этиятсыздык колдонууда – 13,2%;
  • отко этиятсыздык менен мамиле кылуу – 28,9%;
  • балдардын от менен ойноосуунан – 13,2%, өрт кырсыгы болду.

Болуп өткөн өрттөрдүн саны төмөндөгүчө бөлүнөт:

  • Талас шаары - 11;
  • Талас району - ​ 5;
  • Манас району - ​8;
  • Кара-Буура району - 12;
  • Бакай-Ата району – ​ 2 өрт катталган.

Өрттүн чыгышынын алдын алуу үчүн өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо зарыл:

  • бузук электр орнотмолорун (розеткаларды, вилкаларын, өчүргүчтөрдү) колдонбогула;
  • күйүүчү материалдарды чатырда, жер төлөдө жана тепкичтердеги аянтчаларда сактабагыла;
  • балдарды кароосуз калтырбагыла;
  • күйүп турган тиричилик электр буюмдарын, радио, телеаппаратураларын, газ плиталарын кароосуз таштабагыла;
  • электр жылыткычтарын күйүүчү буюмдарга жакын орнотпогула;
  • тамекинин калдыктарын жана ширенкелерди таштабагыла.

"Өрт коопсуздугунун көрсөтүлгөн пункттарын сактагыла, муну менен сиз өзүңүздүн турак жайыңызды, мүлкүңүздү сактоо менен өрт учурунда адамдардын жаракат алуусунун жана каза болуусунун алдын аласыз", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий