• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Талас шаарында 400 түп ийне жалбырактуу дарактын көчөтү отургузулду

Аймак 0

Бишкек, 27.03.23. /Кабар/. Талас шаарында 400 түп ийне жалбырактуу дарактын көчөтү отургузулду. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, көчөттөр банк кызматтарынын демөөрчүлүгү менен шаардын Ч.Айтматов көчөсүнүн Ж.Турсалиев көчөсүнөн Э.Мадиев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө отургузулду.

Ал эми жашыл чарба муниципалдык ишканасынын тийиштүү кызматкерлери көчөттөрдүн ордун казып, тийиштүү техникалар менен кызмат көрсөтүү иштерин жүргүзүштү.

Талас шаарынын мэриясы демөөрчүлүк көрсөткөн банк кызматтарына терең ыраазычылык билдирет.

Пикир

Оставить комментарий