• 88.68
  • 95
  • 0.95

Таласта үй-бүлө мүчөлөрүнүн саламаттыгына арналган спорттук иш-чара өттү

Аймак 0

Бишкек, 20.12.23. /Кабар/. Талас шаарында үй-бүлөлөрдү колдоо максатында “Атам, апам үчөөбүз, дени сак үй-бүлөбүз” аталышындагы спорттук-маданий иш-чара шаардык деңгээлде уюштурулду.

Талас мэриясынан билдиришкендей, спорттук таймашка Талас шаарынан 6 үй-бүлө, атап айтканда, 4 үй-бүлө билим берүү бөлүмүнөн (мугалимдер) жана 2 үй-бүлө спорт мектебинен катышты.

1-орунга “Патриот” урааны менен Адилет Калыбековдун үй-бүлөсү ээ болуп, байгелүү орун ээлерине акчалай жана кызыктыруучу сыйлыктар ыйгарылды. Алдынкы орун ээлери алдыда өтө турчу иш-чаранын облустук деңгээлине жолдомо алышты.

Пикир

Оставить комментарий