• 88.68
  • 95
  • 0.95

ИИМ Академиясынын курсанттары студенттер аралык сынакта биринчи орунду ээледи

Коом 0

Бишкек, 20.12.23. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Академиясынын курсанттары студенттер аралык сынакта биринчи орунду ээлешти. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

"Ала-Тоодон ааламга үн салган Айтматов" аталыштагы сахналаштыруу сынагына өлкөдөгү 10дон ашуун жогорку окуу жайдын студенттери катышкан.

Сынактын уюштуруучуларынын бөлүштүрүүсү менен ИИМ Академиясынын курсанттары "Эрте келген турналар" повестинен үзүндү аткарып, байгелүү орунду ээлешкен.

Студенттар аралык сынак жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык мааракесине карата Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети тарабынан уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий