• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Таласта өнүктүрүү фондунда тинтүү жүргүзүлүүдө — видео

Укук тартиби 0


Бишкек, 08.06.21. /Кабар/. Таласта милиция кызматкерлери “Эл биримдиги” өнүктүрүү фондунун имаратында тинтүү жүргүзүүдө. Соцтармакта милиция кызматкерлери акчаны санап жаткан видео тарады.

Талас облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришкендей, милиция бөлүмүнө 4-июнда Талас шаарынын автобекетине эл чогулуп жаткандыгы боюнча маалымат келип түшкөн.

Билдирүүнүн негизинде тергөө ыкчам тобу окуя болгон жерге чыгышкан. Алар барган учурда автобекеттин ичиндеги имаратта коомдук өнүктүрүү багытындагы фонд ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткандыгы аныкталган.

Фонддун өкүлү Талас районунун Ташарык айылынын 37 жаштагы Т.К. аттуу тургуну экендиги аныкталган. Ал өзүнүн наамына Талас облусу боюнча юстиция башкармалыгы тарабынан “Ашар касса” жоопкерчилиги чектелген коомун (ЖЧК) ачып, кийинчерээк “Эл биримдиги” аттуу өнүктүрүү фондуна өзгөрткөн.

Аталган факты боюнча Т.К. шаардык милицияга алып келинип, түшүнүк кат алынган.

“Ал эми Талас облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги ал фактыга тийиштиги бар деген маалымат чындыкка дал келбейт”, - деп айтылат маалыматта.

Учурда аталган факты боюнча текшерүү иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий