• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Таласта жол кырсыгынан 18-21 жаштагы жети жаран жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 04.10.21. /Кабар/. Талас шаарынын Ленин менен Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде Ford Transit менен Toyota Camry унаалары кагышканын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Кырсыктан жети адам: беш эркек - 19 жаштагы С.Т., 20 жаштагы Т.А., 21 жаштагы Ю.С. жана 18 жаштагы Р.Б. менен Э. уулу Ж., эки кыз - 18 жаштагы Б.А. жана 19 жаштагы К.А. жабыркаган. Алар ар кандай даражадагы жараат алган.

Жабыркагандар тез жардам унаасы келгенге чейин ооруканага жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий