• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тапанча менен коркутуп, акча талап кылышкан. Милиция бейбаштыкка шектелген кылмыштуу топту кармады

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.08.20. /Кабар/. Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан бейбаштыкка шектелген кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 12-август күнү Кадамжай районунун Марказ айыл аймагынан белгисиз адамдар жергиликтүү тургунду адамдар жок жерге алып барышып, сабап, тапанча менен коркутушуп, акча талап кылышкан. Бирок жабырлануучу качып кетүүгө үлгүргөн.

Андан сырткары, ошол маалда кылмышкерлер башка 26 жаштагы жергиликтүү тургунду тапанча менен коркутуп, акча каражатын талап кылып, денесине жаракаттарды келтиришкен. Андан соң ошол эле күнү түнкү убакытта автоунаасын башкарып бара жаткан 26 жаштагы башка жергиликтүү тургунду токтотушуп, эч себепсиз сабап салышкан.

Жогорудагы үч окуяда тең кылмышкерлер такталбаган ок атуучу куралды колдонушкан. Бул фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренесинин 2-бөлүмү (Бейбаштык) менен Кадамжай РИИБнүн Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлө баштаган.

Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө шектүүлөрдүн өздүгү такталып, алар кармалды. Кадамжай РИИБнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында жогорудагы кылмыштарга шектүү катары Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун тургундары 1989-жылы туулган Т.А., 1999-жылы туулган Т.А., 1989-жылы туулган Т.Ж. жана Баткен облусунун Кадамжай районунун 1994-жылы туулган М.М., аттуу жашоочусу кармалды.

Соттун чечими менен шектүүлөр 2 айга убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий