• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Өлкөдө табигый кырсыктардын алдын алуу иштери уланууда - ӨКМ

Коом 0

Бишкек, 27.08.20 /Кабар/.Өлкөдө табигый кырсыктардын алдын алуу иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жээк бекемдөө, дамбаларды коргоо, сел өтүүчү каналдарды тазалоо иштери жүрүүдө.

"Үстүбүздөгү жылдын 7 ай ичинде жалпысынан 356 объектиде жумуш жүргүзүү мерчемделип, 285 объектиде жумуш жүрдү. 221 объектиде жумуштар аяктаган, анын ичинен 55 жергиликтүү бийлик аткарып, аларга ӨКМ тараптан күйүүчү-майлоочу каражаттар, габион торчолору берилген. Натыйжада табигый кырсыктардан 13 434 кожолук жана 6734,3 га чарба аянттары, 11 мектеп, 7 бала бакча, 5 ФАП, 21 ЛЭП, 7 мечит, 1 устакана, 1 стадион, 7 көпүрө, насостук станция, суу түтүкчө корголду", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий