• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тармактык комитетте Тогуз-Тородогу баш-аламандыктын кесепеттерин жоюу боюнча маалымат угулду

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 16.05.18. /Кабар/. Кечээ, 15-майда Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин отурумунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018 жылдын 12 апрелиндеги П №192-VI протоколдук тапшырмасы боюнча өкмөттүн маалыматы угулду. Ага ылайык, 11-мартта Тогуз-Тородогу башаламандыктын (Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунда "Жи Эл Макмал девелопинг" компаниясынын курулушу бүтө элек имаратынын өрттөлүшү) кесепеттерин жоюу боюнча көрүлүп жаткан иш аракеттер маалымдалды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

КР Өкмөтүнүн алдындагы Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Азиз Сапаралиевдин маалыматында бул окуя боюнча атайын комиссия түзүлүп, иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат. Комиссиянын максаты жергиликтүү эл тарабынан коюлган талаптарды иликтөө болууда. КР Ички Иштер министрлигинин берген маалыматтары боюнча окуяга катыштыгы бар делинген жарандар учурда убактылуу кормоочу жайда кармалып, сурак беришүүдө.

Жыйын жүрүшүндө депутат Айтмамат Назаров аталган окуя боюнча Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушуп талкуулаганын, Кытай тарап күнөөлүүлөрдү аныктап, кеткен чыгымдарды ишкерлерге кайтарып берсе деген оюн билдиргенин айтты. Бирок бүгүнкү күндө келтирилген чыгым толук аныкталып бүтө элек. КР вице-премьер-министри Кубатбек Боронов чыгымдар толугу менен аныкталган соң өкмөт тийиштүү чечимге келерин белгиледи.

Отурум жүрүшүндө жабыр тарткан инвесторлордун өкүлү «Макмал-деволопинг» компаниясынын директору Максат Жээналиев билдирүү жасап, күч органдары инвесторлорго карата дагы иш козгогонун белгиледи. Ошондой эле тергөө толук кандуу жүргүзүлбөй жатканын айтты. Комитет мүчөлөрү бир катар суроолорго жооп алып, тийиштүү мекемелерге жүргүзүлүп жаткан процесстерди ачык-айкын кароону тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий