• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Тарых музейи жана ат майданы боюнча иш: Соттук отурум айдын аягына жылдырылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.07.19. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда тарых музейи жана Чолпон-Ата шаарындагы ат майданы боюнча соттук отурум өтмөк. Бирок, сот ооруп калгандыгына байланыштуу отурум 30-июлга жылдырылган.

Отурумда судья Эрнис Айбек уулу төрагалык кылууда.

Эскерте кетсек, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы Мамлекеттик тарых музейинин реконструкциясы боюнча Сапар Исаковго КР Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 2-бөлүгү (оор жагдайларды жараткан коррупция) боюнча айып таккан.

Мамлекетке жалпысынан 247 млн. сомдук зыян келтирилгени айтылат – тарых музейин оңдоп-түзөөдөн 101,6 млн. сом жана ат майданы боюнча 145,9 млн. сом.

Пикир

Оставить комментарий