• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тарых музейин жана ат майданын оңдоо боюнча иш: Мени иштен кетүү тууралуу арыз жазууга мажбурлашкан - күбө

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.10.19. /Кабар/. Биринчи май райондук сотунда бүгүн Бишкек шаарындагы тарых музейин жана Чолпон-Ата шаарындагы ат майданын реконструкциялоо иши боюнча кезектеги соттук отурум өтүүдө.

Сотто Марат Сыдыков төрагалык кылууда.

Отурумда тарых музейи боюнча күбөлөрдөн сурак алуу уланууда. Учурда сурак берүүгө музейдин илимдер боюнча директорунун орун басары Анаркүл Исиралиева чакырылган.

Анын айтуусу боюнча, тарых музейинде интерактивдүү зона куруу пландалган. Ал жерде балдар мезгил, убакыт аркылуу саякаттай алышмак.

Ал билдиргендей, адистер музей заманбап болуш керек экендигин түшүнүп жатышты, бирок ал үчүн бардыгын алмаштыруу кажет эмес эле. “Заманбап технологияларды колдонуу менен музейди абдан кызыктуу жана адабий кылса болот эле”, - деди ал.

Сурак алуунун жүрүшүндө прокурорлор Исиралиевадан аны эмнеге кызматынан төмөндөтүлгөнүн сурады. Күбө, кысым алдында “өз каалоосу” менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазгандыгын жана мындай буйрук Ак үйдөн келгендигин билдирди.

Күбө бардык тараптардын суроолоруна жооп берип жатты.

“2013-жылдын май айында биз музейдин 4-5-кабатын реконструкциялоо боюнча долбоорду ошол кездеги президент А.Атамбаевге көрсөткөн элек. Ошондо биз каржылоо алууга үмүттөнгөнбүз. Биз оңдоо иштерин ошол кабаттардан баштоону пландаганбыз. Анткени алардын абалы абдан оор болгон. Чатырдан клей агып жаткан. Атамбаев менен сүйлөшкөнүбүздө ал акча табаарын айтып, реконструкцияны 3-кабаттан баштоону тапшырган. Биз абдан кубанган элек”, -дейт Исиралиева.

Эскерте кетсек, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы Мамлекеттик тарых музейинин реконструкциясы боюнча Сапар Исаковго КР Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 2-бөлүгү (оор жагдайларды жараткан коррупция) боюнча айып таккан.

Мамлекетке жалпысынан 247 млн. сомдук зыян келтирилгени айтылат – тарых музейин оңдоп-түзөөдөн 101,6 млн. сом жана ат майданы боюнча 145,9 млн. сом.

Пикир

Оставить комментарий